icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Бишкектеги мыйзамсыз курулуштар демонтаждалууда

2025-жылдын 24-сентябрында Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаарынын мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан Москва көчөсүндөгү №37 үйдүн короосундагы мыйзамсыз курулуштар боюнча комиссиянын катышуусунда көчмө жыйын уюштурулду.

Көчмө комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиги , Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы, Свердлов администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясы, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын өкүлдөрү кирди. 

Аталган иш-чара Гоголь көчөсүндөгү №12 үйдүн жашоочулары тарабынан түшкөн арыздын негизинде уюштурулду.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, Москва көчөсүндөгү №37 үйдүн короосунда темир конструкциядагы чатыры менен салынган унаа токтотуучу жай жана "Манас" аталышындагы дүкөндүн уруксат берүүчү документтери жок экендиги аныкталды. Натыйжада мыйзамсыз темир конструкциядагы чатыры менен салынган унаа токтотуучу жайдын муниципалдык жерге чыккан тарабы демонтаждоо менен алынууда.

Белгиленген мыйзам бузууларды жоюу максатында, №37 үйдүн үй комитетинин төрагасына 30 күндүк мөөнөт ичинде аныкталган объектилерди демонтаждоо жөнүндө эскертүү кагазы берилди.