icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ош шаарында жаңы спорт комплекстин курулушу башталды

Ош шаарынын Жапалак айылында жаңы спорт комплекстин курулушу башталды. Долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттен каржыланууда. Объекттин наркы 82 миллион сомду түзөт.
Башкы план боюнча эки кабаттуу “А”, “Б” блоктон турган спорт комплекс курулат. Анда заманбап талаптарга жооп берген тренердин кабинети, спорт, күрөш жана кошумча машыгуу залдары каралат.
Объекттин курулуш-монтаждоо иштери “Байсал Курулуш” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө.