icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Курулуш министрлиги БУУ-Хабитат өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү

2025-жылдын 24-сентябрында Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин жыйындар залында министрдин биринчи орун басары Самат Джантелиев Бириккен Улуттар Уюмунун БУУ-Хабитат программасынын Европа, Кавказ жана Борбордук Азия боюнча аймактык кеңешчиси Катя Шефер менен жолугушту.

Жолугушууда турак жай саясатын жана туруктуу шаар курууну өнүктүрүү, Бишкек шаарынын башкы планын иштеп чыгууда техникалык колдоо көрсөтүү жана жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо маселелери талкууланды.

Эки тарап шаарлардын жана калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгуу, модернизациялоо жана керектүү маалыматтарды чогултуу багытында тажрыйба алмашууга жана биргелешкен иш-чараларды өткөрүүгө макулдашышты.