icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Баткен: Кара-Дөбө айылындагы мектептин курулушу жакында бүткөрүлөт

Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Кара-Дөбө айылындагы 225 орундуу жаңы мектеп быйыл пайдаланууга берилет. Билим уясы республикалык бюджеттин эсебинен курулуп, наркы 75,9 миллион сомду түздү. Азыры тапта курулуш-монтаждоо иштери акыркы этабына жетти. 

Жалпы аянты 1546 чарчы метрди түзгөн имарат; эки кабаттуу окуу курпусунан, өтмө галереядан жана спорт залынан турат. Курулуш иштери “Сапат Стандарт” ЖЧКсы тарабынан аткарылып, объект заманбап талаптарга жооп берет. 

Эски мектептин имараты 1964-жылдары курулуп пайдаланууга берилген.