Ош облусунун Өзгөн районунуна караштуу Жылалды айылында наркы 117 миллион сомду түзгөн жаңы мектептин курулушу актап калды. Объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып 2022-жылы курулуп баштаган.
Долбоор боюнча билим уясы 275 орунга ылайыкталган, үч блоктон турат. “А” блок - эки кабаттуу окуу корпус, “Б” блокто ашкана, китепкана жана жыйындар залы, ал эми “В” блокто заманбап талапка жооп берген спорт зал каралган .
Курулуш –монтаждоо иштери “Кубай” ЖЧКсы тарабынан аткарылып, Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө.
Мектептин эски имараты 1972-жылы курулуп, пайдаланууга берилген.


