icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Сыноо лабораториясы борбор калаадагы курулуш материалдарынын сапатын текшерди

Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Сыноо лабораториясынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы бир катар объектилерге барып текшерүү жүргүздү.

Атап айтканда, адистер Ак-Ордо конушунда жайгашкан жаңы поликлиниканын курулушундагы темир-бетон конструкцияларынын сапатын текшерди. Мындан тышкары, Лущихин/Т.Фрунзе көчөсүндө жайгашкан объектидеги топурактын тыгыздыгы боюнча сыноолор жүргүзүлдү. 

Жүргүзүлгөн сыноолордун жыйынтыгы боюнча курулуш материалдарынын сапатын жана алардын ченемдик талаптарга шайкештигин тастыктаган протоколдор берилет.