2025-жылдын 25-сентябрында Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Президентке караштуу Ж. Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында (АГУПКР) жүргүзүлүп жаткан реконструкция жана оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Иш сапардын алкагында министр окуу корпустарын кыдырып, капиталдык оңдоо жана имараттарды модернизациялоо боюнча аткарылып жаткан иштерди көрүп чыкты. Академиянын жетекчилиги министрге долбоордун учурдагы этаптары жана алдыдагы пландар тууралуу маалымат берди.
Ошондой эле Курулуш министрлиги менен академиянын жетекчилиги ортосунда реконструкция иштерин сапаттуу жана өз убагында бүтүрүү, зарыл учурда техникалык колдоо көрсөтүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
Белгилей кетсек, академия өз тарыхында биринчи жолу ири реконструкциядан өтүп жатат.
Курулуш министрлиги билим берүү тармагындагы маанилүү объектилерди жаңылоо жана ар бир долбоордун ачык-айкын, сапаттуу аткарылышын камсыздоого багытталган ишмердүүлүгүн улантат.


