icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Нарын шаарындагы В.Чкалов мектебинин курулушу аяктап калды

Нарын шаарындагы В.Чкалов мектебинин 500 орундуу кошумча корпусунун курулушу жыл аягына чейин бүткөрүлөт. Долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырып, республикалык бюджеттен каржыланууда. Объекттин наркы 178 миллион сомду түзөт. 

Кошумча корпус “Г” формасында курулуп, заманбап талаптарга жооп берген үч кабатуу окуу корпусунан, өтмө галерея жана спортзалынан турат. 

Мектептин биринчи корпусу 1954-жылы курулуп, 450 орунга ылайыкталган. Азыркы тапта 2200дөн ашык окуучу билим алууда.