icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Техникалык кеңешме: Ченемден ашкан үйлөр талкууланды

Бүгүн, 26-сентябрда Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун кезектеги техникалык кеңешмеси өттү.

Кеңешменин максаты-“КР КЧ 20-02:2024”  стандарт талаптарына ылайык келбеген объектилер боюнча иштелип чыккан атайын техникалык шарттарды кароо.

Каралган объектилер:

1.    Бишкек шаарынын 7-апрел 1/1 дарегиндеги “Ошстрой Кампании” ЖЧКсынын 18-22 кабаттуу имараты

2.    12-кичи районунун Токомбаев көчөсү 1/9 дарегиндеги “А Плюс Девелопмент” ЖЧКсынын объектиси

3.     Ош шаарындагы Алиев көчөсү №88 дарегинде жайгашкан “Аманат Сити” ЖЧКсынын 15 кабаттуу турак үйү

4.     Бишкек шаарынын Ж.Мамай көчөсүндө жайгашкан №4, 6, 8, 10 “АСТ-Билдинг” компаниясынын  20 кабаттуу көп функционалдуу комплекси.