icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ош: Коопсуздук эрежелерин сактабаган компанияга айып салынды

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош шаарындагы башкармалыгы тарабынан курулуш объектилери текшерилүүдө.

Иш-чаранын алкагында Ош шаарынын Муса Жалил көчөсүнүн № 2Б дарегинде “Саламат Курулуш” ЖЧКсы тарабынын  курулуп жаткан көп кабаттуу турак үйдүн курулушу текшерилди. Аталган объектиде СН КР 12-02:2018 “Курулуш өндүрүшүн уюштуруу” жана СН КР 12-01:2018 “Курулушта эмгек коопсуздугу” талаптары сакталбагандыгы аныкталган.

Натыйжада, Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар” жөнүндө кодексинин негизинде 200 000 сом айып пул салынып, жазуу түрүндө эскертүү берилди.