Бүгүн,
28-сентярбрда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри
Нурдан Орунтаев пландан сырткары Бишкек шаарындагы курулуш объектилерин
кыдырды.
Объектилерди кыдыруу учурунда Москва көчөсү 120 дарегиндеги көп кабаттуу үйдүн курулушунда техникалык коопсуздук эрежелери сакталбагандыгы жана курулуштун мыйзамдуулугун тастыктаган объектинин паспорту сыртка илинбегендиги аныкталды.
Натыйжада, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Even KZ” курулуш компаниясына айып салынып, курулуш иштери убактылуу токтотулду.
Курулуш министрлиги эскертет: Адамдын өмүрү үчүн курулуш объектисинде техникалык коопсуздук эрежелери толук сакталууга тийиш.


