Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин буйругуна ылайык, архитектура жана курулуш тармагына чоң салым кошкон ардагер архитектор Рысбек Кокоевге “Ак ниет кызматы үчүн” төш белгиси ыйгарылды.
Төш белгини министрдин биринчи орун басары Самат Джантелиев тапшырып, ардагердин көп жылдык талыкпаган эмгегин жана курулуш тармагына кошкон зор салымын белгиледи. Рысбек Кокоев 1995-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Архитекторлор союзунун мүчөсү. Ал көптөгөн ири долбоорлорду ишке ашырууда өзүнүн жогорку кесипкөйлүгүн көрсөтүп келет.
Өзүнүн эмгек жолунда бир нече мамлекеттик сыйлыкка ээ болгон. Мамкурулуштун Ардак грамотасы, Кыргыз Респуликасынын Президентинин Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн энчилүү сааты, Кыргыз Республикасынын “Ардактуу архитектору” жана башкалар.
Курулуш министрлиги тарабынан тапшырылган бул төш белги анын
көп жылдык үзүрлүү эмгегинин жана тармактын өнүгүшүнө кошкон салымынын жогорку
баасы.


