icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Нарын шаарында заманбап спорт комплекси курулууда

Нарын шаарында наркы 77 миллион сомду түзгөн заманбап спорт комплекси курулуп жатат. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери 2024-жылы башталган.
Жалпы аянты 1118 чарчы метрди түзгөн спорт комплекс “А” жана “Б” блокторунан турат. Ал заманбап талаптарга жооп берип, административдик корпусу жана спорт залы бардык шарттары менен жабдылат.
Курулуштун жүрүшү Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.