icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Араван районунда жаңы мектептин курулушу башталды

Ош облусунун Араван районунда 275 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө жүргүзүлөт.

Башкы долбоорго ылайык, билим берүү мекемеси заманбап талаптарга жооп берип, төрт блоктон турат. Имаратта эки кабаттуу окуу корпустары, өтмө галерея жана спорт залы каралган. Ошондой эле мектептин аймагында футбол талаасы да курулат. 

Объекттин жалпы аянты 3019 чарчы метрди түзөт. Курулуш-монтаждоо иштери “Бак-Кел” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүп, учурда имараттын котлованын казуу иштери жүрүп жатат.