Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Тоң районундагы башкармалыгы тарабынан комиссия түзүлүп, Бөкөнбаев айылындагы мыйзамсыз курулуштар боюнча рейд жүрүп жатат.
Тоң районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы И.Ботугуров баштаган көчмө комиссия айылдын Тойгонов, Токтогул, Бөкөнбаев жана Саке-Ажы көчөлөрүн кыдырды. Аталган көчөлөрдөгү кызыл сызык, ошондой эле курулуш сызыгынан чыгып кеткен курулуштар боюнча рейд жүргүзүлүп, алардын ээлерине мыйзамсыз курулуштарды алуу боюнча эскертүүлөр берилди.
Башкармалык тарабынан мыйзамсыз курулуштарды алдын алуу боюнча иш-чаралар мындан ары да улантылат.
Белгилей кетсек,
рейддик иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын
8-апрелиндеги Nº109 “Жерлерди өзум билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу
фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгы жана
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы Nº284
тескемесинин негизинде жүргүзүлүудө


