Жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда Ысык-Ата жаракасында курулуш жүрүп жатат деген маалыматтардын таралышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту төмөнкү маалыматты билдирет:
1. 2018-жылы Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту тарабынан Ысык-Ата жаракасынын жер бетиндеги силкинүүнүн интенсивдүүлүгүн жана эң жогорку ылдамданууларын көрсөткөн карта иштелип чыккан. Анын негизинде КР КЧ 31-02:2018 "Бишкек шаарынын жана Ысык-Ата жаракасына чектеш айылдардын аймактарын долбоорлоо жана куруу" ченемдик документи бекитилген. Бул документ Ысык-Ата жаракасынын таасир этүү зоналарындагы план, долбоор жана куруу маселелерин жөнгө салат.
2. Көрсөтүлгөн курулуш ченеминин талаптарына ылайык, Ысык-Ата жаракасынын биринчи зонасында капиталдык курулушка тыюу салынат, парктарды, скверлерди жана ачык спорттук аянтчаларды курууга (жабдуу) гана уруксат берилет.
3. Бул зонанын айрым жерлеринде Советтер Союзунун убагында курулган жеке турак үйлөр бар.
4. Учурда долбоорлоо жана курулуш көрсөтүлгөн ченемдик документтин талаптарына ылайык жүргүзүлүүдө. Бардык объекттер мамлекеттик экспертизадан жана ыйгарым укуктуу органдарда макулдашуудан өтөт.
5. Ал эми жараканын так үстүндө “Элита шаарчалары” курулуп, ал жерде турак жайдын бир чарчы метри
2000 АКШ долларына жетет деген маалымат чындыкка дал келбейт.


