Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк регионалдык башкармалыгы Ош шаарындагы имараттар жана курулмалар үчүн темир-бетон көп көңдөйлүү каптоо плиталарын чыгаруучу заводдо сыноо иштерин жүргүздү.
Сертификациялоо иштеринин жүрүшүндө адистер өндүрүштүк аймакты карап чыгып, документтерди текшерди. Ошондой эле, бетондун бекемдигин бузбай контролдоонун механикалык ыкмасы менен бышыктыгын аныктоо аркылуу сыноолорду өткөрдү.
Сыноолордун
жыйынтыгы боюнча продукциянын сапатын нормативдик документинин талаптарына
ылайык келүүсү же келбестиги жөнүндө чечим кабыл алынат.


