icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Жалал-Абад: Кызыл-Жар айылында жаңы мектеп курулууда

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кызыл-Жар айылында наркы 127 миллион сомду түзгөн жаңы мектеп курулууда. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө.

Жалпы аянты 2297 чарчы метрди түзгөн мектеп 375 орунга ылайыкталып, эки кабаттуу окуу корпусу жана спорт залы менен курулууда. Курулуш-монтаждоо ишери “Алихан строй” ЖЧКсы тарабынан аткарылып, заманбап талаптарга жооп берет. Азыркы тапта 85 пайыздык жумуш аткарылды.