Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй регионалдык башкармалыгы тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Чүй облусунун аймагында текшерүүдө “Жилингир” ЖЧКсы тарабынан мыйзамсыз курулуш жүргүзүлүп жаткандыгы аныкталды. Тактап айтканда, эс алуу жайы катары курулуп жаткан объект Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамынын 37 жана 45-беренесиндеги талаптарды аткарбоо менен салынганы белгилүү болду. Мындан тышкары, аталган объект сел жүрүү коркунучу бар, кооптуу аймакта жайгашкандыгы аныкталды.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча “Жилингир” ЖЧКсына карата акт түзүлүп, аныкталган мыйзам бузууларды жоюу жөнүндө көрсөтмө берилди. Ошондой эле, шаар куруу ченемдерин жана эрежелерин бузгандыгына байланыштуу административдик чаралар көрүлүп, айып салынды.
Аймактык
башкармалык бардык курулуш иштеринде шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү
талаптарды сактоо зарылдыгын эскертет жана аларды бузган учурда мыйзам чегинде
чаралар көрүлөөрүн билдирет.


