icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ат-Башы районундагы мектепке кошумча корпус курулууда

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Карыбек уулу Акматаалы мектебине 150 орундуу кошумча корпус салынууда. Мектептин наркы 63 миллион сомго бааланып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Жалпы аянты 1025 чарчы метрди түзгөн билим уясы заманбап талаптарга жооп берген эки кабаттуу окуу корпусунан турат. Ошондой эле мектептин айланасына сырткы спорт талаасы курулмакчы.

Курулуш-монтаждоо иштери “Мейкин Улан” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүп, иштин аткарылышы Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө.