Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин кызматкерлери бул ирет борбор калаанын Байтик Баатыр көчөсү 1е дарегинде курулуп жаткан көп кабаттуу турак жай комплексин текшерди.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин директорунун орун басары Руслан Суракматов жана Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун директорунун орун басары Адилет Тойчубеков катышты.
Текшерүү учурунда
көчмө лабораториянын адистери объектидеги бетондун сапатына карата тиешелүү
сыноолорду өткөрдү. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча курулуш материалдарынын ченемдик
талаптарга шайкештиги тууралуу корутундулар берилет.


