Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Кара-Суу шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан Кара-Суу шаарынын дизайн-коду иштелип чыгып, анын негизинде иштер жүргүзүлүүдө.
Алсак, Кара-Суу шаарынын А. Жунусов көчөсу иретке келтирилди.
Бул өзгөрүүлөр шаар тургундарынын жашоо сапатын жакшыртууга, кооз жана ыңгайлуу архитектуралык шаар чөйрөсүн түзүүгө багытталган.
Белгилей кетсек, 2024 -жылдын 25-июлунда Кара-Суу шаардык кеңеши тарабынан токтом кабыл алынып, анда имарат, курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшүнө коюлуучу талаптар, көрнөк-жарнак конструкцияларын жайгаштыруу жана пайдалануу эрежелери бекитилген.


