Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министирлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Жети-Өгүз райондук башкармалыгы тарабынан Оргочор айылынын Ж.Тынаев атындагы негизги, борбордук көчөсүнүн эскиздик долбоору иштелип чыкты.
Эскиздик долбоорго ылайык, аталган аймакта сейилдөө, спорт
менен машыгуу жана балдар үчүн оюн зоок аянтчалары каралган. Ошондой эле, элдин
жашоо шартын жакшыртууга шаар түзүүчү көптөгөн объектилер камтылган.


