icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Талас: Нурдан Орунтаев "Манас Ордо" комплексинин реконструкция иштери менен таанышты

Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Талас облусуна иш сапары менен барды.

Министр Талас районуна караштуу Таш-Арык айылында жайгашкан Кыргыз улуттук "Манас Ордо" комплексиндеги реконструкция иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Улуттук комплекстин реконструкция иштери 2024-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Долбоорго ылайык, заманбап конгресс-холл, 1000 чарчы метрди түзгөн беш конок үйү жана эки кабаттуу административдик имарат курулат. Реконструкциянын алкагында комплекстин аянты кеңейтилет. 

Эске салсак, Талас облусундагы Кыргыз улуттук "Манас Ордо" комплекси соңку 30 жыл ичинде ири масштабдагы реконструкциядан биринчи жолу өтүүдө.