Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кара-Кулжа айылында 275 орундуу мектептин курулушу башталды. Долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат.
Наркы 183 миллион сомду түзгөн мектеп заманбап талаптарга жооп берген эки кабаттуу окуу корпусунан жана спорт залынан турат. Жалпы аянты 3503 чарчы метр болгон объектин курулуш-монтаждоо иштери “Мастер Строй Сервис и Ко” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлөт.
Мектептин эски
имараты 184 орунга ылайыкталып 2013-жылы
иштеп баштаган.


