icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Талас: Чат-Базар айылында жаңы бала бакча курулууда

Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында бир катар курулуш объектилерин кыдырды.

Министр Талас районуна караштуу Чоң-Алыш айыл аймагынын Чат-Базар айылындагы жаңы курулуп жаткан 50 орундуу бала бакчанын курулушу менен таанышты. Бала бакчанын курулуш иштери министрликке караштууКыргызкурулушмамлекеттик ишканасы тарабынан көзөмөлдөнүп, республикалык бюджеттен каржыланууда. 

Министр Нурдан Орунтаев курулуш тармагындагы иштерди үзгүлтүккө учуратпай, белгиленген мөөнөттө бүткөрүү боюнча жооптуу тараптарга тийиштүү тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, учурда иштеп жаткан бала бакчанын эскилиги жетип, анын ордуна жаңысын курууга муктаждык жаралган.