Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан Абдрахманов көчөсү 176 дарегинде текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө көп кабаттуу үйдүн биринчи кабатында курулуш-монтаждоо иштери тиешелүү уруксат кагаздары жок жүргүзүлүп жаткандыгы аныкталды. Ошондой эле объектинин белгиленген тартипте багытын алмаштыруу (перепрофилирование) боюнча уруксат албагандыгы-бул шаар куруу нормаларынын бузуу болуп эсептелет.
Натыйжада курулуш
иштери токтотулуп, жооптуу тарапка Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар
жөнүндө” кодексинин 144-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык 23 000 сом өлчөмүндө
административдик айып салынды. Мындан тышкары, бузулган эрежелерди жоюу жана
тиешелүү документтерди тапшыруу боюнча көрсөтмө берилди.


