Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарынын борбордук паркында жүрүп жаткан реконструкция иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Борбордук парктагы реконструкциялоо иштери Министрликке караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлүп жатат.
Курулуш иштери ушул жылдын июнь айында башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Бүгүнкү күндө жаңы аттракциондор алынып келип, алардын темир конструкциялары орнотулуп жатат.
Паркта эс алуучулар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, аттракциондордун онго жакын түрү орнотулат. Курулуштун жалпы аянты 1,5 гектарды түзөт.
Белгилей кетсек,
Талас шаарындагы борбордук парктын аттракциондору 2008-жылы эскилиги жеткенине
байланыштуу колдонуудан чыккан. 17 жылдан кийин паркты реконструкциялоо
долбоорлонуп, учурда курулуш иштери активдүү жүрүүдө.


