icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Баткен: Жаңы мектептин курулушунда кемчиликтер аныкталды

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Баткен регионалдык башкармалыгы тарабынан курулуш объектилеринин сапатына текшерүү жүргүзүлдү.

Иш-чаранын алкагында Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Раззаков шаарында курулуп жаткан “Д.Жороев” атындагы 225 орундуу жаңы мектептин курулушу текшерилди. 

Текшерүүнүн жүрүшүндө, “Сапат Строй Курулуш” ЖЧКсы тарабынан бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Ошондой эле, курулуштун көзөмөлгө алынуучу негизги этаптары тапшырылган эмес. Мындан тышкары, коопсуздук техникалык эрежелери толук аткарылбагандыгы аныкталды.

Натыйжада, аталган компанияга башкармалык тарабынан акт түзүлүп, жазуу түрүндө эскертүү берилди. Мындан сырткары протоколдун негизинде айып пул салынды.