icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Талас: Жаңы соода жана оюн-зоок борборунун курулушу башталды

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарында курулуп жаткан “Баластан” соода жана оюн-зоок борборунун курулушу менен таанышты.

Аталган  борбор Талас шаарынын Шамбетов көчөсү №70 дарегинде курулууда. Курулуштун жалпы аянты – 17 000 чарчы метрди түзөт. 

Курулуш иштери министрликке караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан көзөмөлдөнүп, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. 

Соода жана оюн-зоок борборунун эскиздик долбоору Талас шаардык Шаар куруу жана архитектура департаменти тарабынан иштелип чыккан. 

Учурда курулуш объектисинде жер казуу (котлован) иштери активдүү жүрүп жатат.