Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк регионалдык башкармалыгынын адистери Жалал-Абад облусундагы курулуш объектисинде сыноо жүргүздү.
Курулуш объектисинен топурактын үлгүлөрү алынып, МамСТ 28514-90 талаптарына ылайык сыноо иштери жүргүзүлдү. Үлгүлөрдү алуу жана сыноолорду түздөн-түз объектиде өткөрүү-белгиленген жер кыртышынын тыгыздык деңгээлин жана курулуштун белгиленген ченемдерге шайкештигин аныктоого мүмкүндүк берет.
Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору курулуш материал жана конструкциялардын сапатын көзөмөлдөө боюнча системалуу ишин улантууда, бул курулуп жаткан объектилердин ишенимдүүлүгүнө жана узак мөөнөттүүлүгүнө түздөн-түз таасир этет.


