Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Байзак айылында жалпы наркы 94 миллион сомду түзгөн жаңы бала бакча жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет. Долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды.
Жалпы аянты 1330 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имарат 120 орунга ылайыкталып, заманбап жабдуулар менен камсыздалды. Курулуш-монтаждоо иштери «Курулуш компания Бакай» ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлдү.


