Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту тарабынан 2025-жылдын сентябрь айында республика боюнча 91 курулуш объектисине Техникалык корутундулар берилди жана 9 объект боюнча Атайын техникалык шарттар иштелип чыкты.
Бул корутундулар имараттардын жана курулуштардын жер титирөөгө туруштуулугун, долбоордук чечимдердин коопсуздук талаптарына жооп берерин жана техникалык стандарттарга шайкештигин аныктоодо негизги роль ойнойт.
Институт тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөр ар кандай типтеги имараттарды жана социалдык инфратүзүмдүк объектилерди камтыды.
Белгилей кетсек, техникалык корутунду инженерлер тарабынан имараттардын реконструкциялоосуна техникалык жактан берилген баа болуп саналат.


