Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык башкармалыгы тарабынан дизайн-коддун негизинде иретке келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Иш-чаранын алкагында райондук башкармалыктар атайын бекитилген дизайн-коддун негизинде убактылуу объектилердин (павильондор, киосктор), имараттар менен курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшүн иретке келтирүү иштерин жүргүзүп жатышат.
Дизайн-код—бул
шаар архитектурасын, көчө-жолдорду, коомдук жана турак жай имараттарын
бирдиктүү стилде өнүктүрүүнү камсыздаган документ. Анын максаты—шаардын
эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу жана сапаттуу шаардык чөйрөнү түзүү.


