icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ысык-Көл: Советское айылында жаңы бала бакча курулууда

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Советское айылында наркы 91 миллион сомду түзгөн жаңы бала бакчанын курулушу жүрүп жатат. Долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Жалпы аянты 946 чарчы метр болгон имарат 100 орунга ылайыкталып, эки кабаттан турат. Курулуш иштери бардык курулуш нормаларына ылайык жүргүзүлүп, бала бакча заманбап жабдуулар менен камсыздалмакчы.

Учурда имараттын экинчи кабаты тургузулуп жатат.