icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

“Манас” аэропортундагы жаңы асфальттын сапаты текшерилди

Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун кызматкерлери “Манас” эл аралык аэропортунун учуу-конуу тилкесине төшөлгөн жаңы асфальт-бетондун сапатын текшерди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө сыноо лабораториясынын адистери битумдун, ошондой эле төшөлгөн асфальт-бетондун физикалык-механикалык көрсөткүчтөрү боюнча үлгүлөрүн алышты. Жүргүзүлгөн анализдердин негизинде материалдардын сапатынын белгиленген ченемдик талаптарга шайкештигин аныктай турган сыноо протоколу даярдалат. 

Алынган жыйынтыктар аэропорттогу учуу-конуу тилкесинин ишенимдүүлүгүн жана узак мөөнөттүүлүгүн баалоо үчүн колдонулат, бул анын коопсуз жана узак мөөнөттүү иштөөсүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет.