icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо Департаментинин кадрлар резервине киргизүү үчүн коюлуучу квалификациялык талаптар

                                              КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш  жана турак жай-коммуналдык  чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы                                                                            Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо Департаментинин кадрлар резервине киргизүү үчүн коюлуучу квалификациялык талаптар

 

Административдик кызмат орундарынын кенже тобу  үчүн:

Жетектөөчү адисинин (бухгалтер) административдик мамлекеттик кызмат ордуна төмөнкүдөй типтүү квалификациялык талаптар белгиленет - 1 бирдик (М-А)

1. Кесиптик билиминин деңгээли:

- жогорку экономикалык билим, бухгалтердик эсеп жана аудит.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талаптар коюлбайт.

 

Жалпы мыйзамдарды билүүсү:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2020-ж. № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”.

 

Предметтик мыйзамдарды билүүсү:

-    Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин.

-   Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдарын:

-       “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”;

-       “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”

-        Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2024-жылдын 22-январындагы №1-п буйругу менен бекитилген Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчетту жүргүзүү боюнча жобону;

 

 

Топко  тиешелүү көндүмдөр:

Билгичтиги:

-   түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү;

-   кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

-   коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

-   өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

-   ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

-   чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.

-   маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-   аналитикалык документтерди даярдоо;

-   кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

-   иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

-   эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу.

 

Көндүмдөрү:

-    аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгу

-    маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-    ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды практикада колдоно билүү;

-    компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү Microsoft Office (Word,Excel) Интернет, 1С программасын.

-    ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

-    ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

 

 

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

- жеке арыз;

- сүрөтү менен резюме (уюлдук номерин жана электрондук почтасын  көрсөтүү менен);

- өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

- нотариалдык күбөлөндүрүлгөн диплом жана кошумча билимин тастыктаган дипломунун (бар болсо) көчүрмөлөрү;

- нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо);

- илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

- паспорттун көчүрмөсү.

        

Документтерди кабыл алуу убактысы:

2025-жылдын 13-майынан  баштап 23-майын кошо алган күнгө чейин саат 9:00-17:00 чейин.

        

Документтерди кабыл алуу орду:

Бишкек шаары, Манас проспектиси  28, 5-кабат, 505а кабинети.

Байланыш номери 0555-67-19-62, 0770-67-19-62 ватсапп, (0312)31-25-47