КР Курулуш, архитектура жана турак
жай-коммуналдык чарба министрлигине
караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо Департаментинин кадрлар резервине киргизүү үчүн
коюлуучу квалификациялык талаптар
Административдик кызмат
орундарынын улук тобу үчүн:
- жогорку билим:
“Курулуш” профили боюнча: “Өнөр жай жана жарандык курулуш”, “Айыл чарба
курулушу”, “Гидротехникалык курулуш” “Архитектура” профили боюнча:
“Архитектура” адиси.
- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик
чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стаж
Жалпы мыйзамдарды билүүсү:
1) Кыргыз Республикасынын 05.05.2021-ж. Конституциясы;
2) Кыргыз Республикасынын” 04.05.2007-ж. № 67 “Жарандардын
кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын 27.10.2021-ж. № 125 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат
жөнүндө” мыйзамы;
4) Кыргыз Республикасынын 20.07.2009-ж. № 241 “Ченемдик
укуктук актылары жөнүндө” мыйзамы;
5) Кыргыз Республикасынын 08.08.2012-ж.№ 153 “Коррупцияга каршы аракеттенүү
жөнүндө”мыйзамы;
6) Кыргыз
Республикасынын 19.07.2025-ж. №127 “Электрондук башкаруу жөнүндө “ мыйзамы
7) Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2020-ж. № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз
Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”.
Предметтик мыйзамдарды билүүсү:
1)
Кыргыз Республикасынын “Укук
бузуулар жөнүндө” кодекси;
2) Кыргыз Республикасынын 02.06.1999-ж. № 45 Жер кодекси;
3) “Кыргыз
Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө” 11.01.1994-ж. № 1372-XII
Мыйзамы ;
4) “Кыргыз
Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө” 13.07.2011-ж. № 95
Мыйзамы ;
5) Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 10.02.2009-ж.
№ 95 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында курулуш объекттеринин
мүнөздөмөлөрүн классификациялоо жана
курулуштун объекттерине, кыймылсыз
мүлк объекттеринин реконструкциясына жана башка
өзгөрүлүштөрүнө мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобосу”
6) Кыргыз
Республикасынын Министрлер Кабинетинин 10.05.2024-ж. № 240 токтому менен
бекитилген “Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого,
курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүү жана эксплуатацияга
киргизилүүчү курулушу аяктаган объекттердин шайкештигин баалоо тартиби жөнүндө
жобосу”.
Тиешелүү көндүмдөр:
-
натыйжалуу мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин
ыкмаларын өздөштүрүү, жолугушууларды жана жолугушууларды өткөрүү, эл алдында
чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды
жүргүзүү;
- ченемдик укуктук
актылар менен иштөө
жана аларды практикада колдонуу;
- бузууларды өз убагында четтетүү
боюнча талаптар;
-
укук бузуулар жөнүндө
материалдарды кароо;
-
объекттерди өз алдынча курууну
жана эксплуатациялоону токтотуу
боюнча мыйзамда белгиленген тартипте чараларды көрүү;
- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
-
маалыматты талдоо,
системалаштыруу жана жалпылоо;
-
кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн
зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
-
компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программаларды
колдоно билүү.
Конкурска катышуу
үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
- жеке арыз;
-
сүрөтү менен резюме (уюлдук
номерин жана электрондук почтасын көрсөтүү менен);
-
өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө
маалыматтарды көрсөтүү менен);
-
Диплом жана кошумча билимин
тастыктаган дипломунун (бар болсо)
көчүрмөлөрү;
-
Акыркы иштеген жери боюнча
күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар
болсо);
-
илимий даражаны жана илимий наамды
(бар болсо) ыйгаруу
жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
-
паспорттун көчүрмөсү.
Документтерди кабыл
алуу убактысы:
2025-жылдын 18-августунан баштап 2025-жылдын 29-августун кошо алган күнгө чейин
саат 9:00-17:00 чейин.
Документтерди кабыл
алуу орду:
Бишкек шаары, Манас проспектиси, 28, 5-кабат, 505а кабинети.
Байланыш номери 0555-67-19-62, 0770-67-19-62 ватсапп, (0312)31-25-47