icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

КР Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо Департаментинин кадрлар резервине киргизүү үчүн коюлуучу квалификациялык талаптар

КР Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо Департаментинин кадрлар резервине киргизүү үчүн коюлуучу квалификациялык талаптар


Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:

- жогорку билим: “Курулуш” профили боюнча: “Өнөр жай жана жарандык курулуш”, “Айыл чарба курулушу”, “Гидротехникалык курулуш” “Архитектура” профили боюнча: “Архитектура” адиси.

- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стаж

Жалпы мыйзамдарды билүүсү:

1) Кыргыз Республикасынын 05.05.2021-ж. Конституциясы;

2) Кыргыз Республикасынын” 04.05.2007-ж. № 67 “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы;

3) Кыргыз Республикасынын 27.10.2021-ж. № 125 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;

4) Кыргыз Республикасынын 20.07.2009-ж. № 241 “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамы;

5) Кыргыз Республикасынын 08.08.2012-ж.№ 153 “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”мыйзамы;

6) Кыргыз Республикасынын 19.07.2025-ж. №127 “Электрондук башкаруу жөнүндө “ мыйзамы

7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2020-ж. № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”.

Предметтик мыйзамдарды билүүсү:

1) Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодекси;

2) Кыргыз Республикасынын 02.06.1999-ж. № 45 Жер кодекси;

3)“Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө” 11.01.1994-ж. № 1372-XII Мыйзамы ;

4).“Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө” 13.07.2011-ж. № 95 Мыйзамы ;

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 10.02.2009-ж. № 95 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында курулуш объекттеринин мүнөздөмөлөрүн классификациялоо жана курулуштун объекттерине, кыймылсыз мүлк объекттеринин реконструкциясына жана башка өзгөрүлүштөрүнө мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобосу”

6) Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигинин 02.07.2025-ж. № 93-нпа буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүү жана эксплуатацияга киргизилүүчү курулушу аяктаган объекттердин шайкештигин баалоо тартиби жөнүндө жобосу”.


Тиешелүү көндүмдөр:

- натыйжалуу мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын өздөштүрүү, жолугушууларды жана жолугушууларды өткөрүү, эл алдында чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү;

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- бузууларды өз убагында четтетүү боюнча талаптар;

- укук бузуулар жөнүндө материалдарды кароо;

- объекттерди өз алдынча курууну жана эксплуатациялоону токтотуу боюнча мыйзамда белгиленген тартипте чараларды көрүү;

- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

- маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

- компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программаларды колдоно билүү. 


Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

- жеке арыз;

- сүрөтү менен резюме (уюлдук номерин жана электрондук почтасын көрсөтүү менен);

- өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

- Диплом жана кошумча билимин тастыктаган дипломунун (бар болсо) көчүрмөлөрү;

- Акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо);

- илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

- паспорттун көчүрмөсү.


Документтерди кабыл алуу убактысы:

2025-жылдын 8-сентябрынан баштап 2025-жылдын 17-сентябрын кошо алган күнгө чейин саат 9:00-17:00 чейин.

Документтерди кабыл алуу орду:

Бишкек шаары, Манас проспектиси, 28, 5-кабат, 505а кабинети. Байланыш номери 0555-67-19-62, 0770-67-19-62 ватсапп, (0312) 31-25-47