icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

1-августтан тарта курулуш жана инженердик тармактарга кошулуу жаатында жаңы эрежелер күчүнө кирет

2025-жылдын 2-июлунда Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги курулуш чөйрөсүндөгү жол-жоболорду жөнгө салган эки негизги ченемдик укуктук актыны бекитти. Тиешелүү № 93-нпа буйругуна 2-июлда кол коюлуп, 2025-жылдын 1-августунан тарта күчүнө кирет.

 

Кабыл алынган документтер төмөнкүлөрдү камтыйт:

• Уруксат берүүчү документтерди алуу жана объектилердин шайкештигин баалоо тартиби жөнүндө жобо;

• Инженердик тармактарга техникалык шарттарды берүү жана кошуу эрежелери.

Жобо курулуш ишинин бардык этаптарында — уруксат алуудан баштап объекттерди инженердик байланышка кошууга чейин ачык-айкын жана тартипке салынган жол-жоболорду белгилейт. Биринчи жолу объекттердин татаалдык деңгээли боюнча айырмалап көрсөтүү жана административдик тоскоолдуктарды азайтуу үчүн "Бирдиктүү терезе" принциби киргизилүүдө. Кошулуунун жаңы эрежелери техникалык шарттарды түзүүдөн баштап кошулгандыгын тастыктоого чейин бардык этаптарды камтыйт. Ошондой эле, документ кошулууга техникалык мүмкүнчүлүк жок болгон учурда тармактарды модернизациялоо же альтернативдүү куруу мүмкүнчүлүгүн карайт. Жаңы киргизилген өзгөртүүлөр ачык-айкындуулукту жогорулатууга, макулдашуу мөөнөттөрүн кыскартууга жана өлкөнүн жетүүгө кыйын болгон аймактарында инфратүзүмдү өнүктүрүүгө багытталган.