Маалымат үчүн
Ага Хан архитектура жаатындагы сыйлыгы (AKAA) 1977-жылы маркум Ага Хан IV ханзаадасынын демилгеси менен негизделген. Бул сыйлык ар үч жылда бир жолу архитектура, шаар куруу, тарыхый мурастарды сактоо жана ландшафттык архитектура тармактарында чеберчиликтин жаңы стандарттарын белгилеген долбоорлор үчүн ыйгарылат.